Нарын облусунда коронавируска каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Табылды Жакыпов билдирди.
Айтымында, облуска сегиз миң доза вакцина жеткирилип, райондордогу үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна бөлүнгөн. Препарат менен төрт миң жаран эмделет. Вакцинаны алгачкылардан болуп медицина кызматкерлери жана кызыл тилкеде иштегендер алат. Андан соң мугалимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана өз ыктыяры менен келгендер да эмделет. Өнөкөт оорулары барларга, кош бойлууларга, бала эмизгендерге жана 18 жашка чейинки балдарга эмдөө жүргүзүлбөйт, - деди Жакыпов.
Учурда Нарында эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок өткөн жумага караганда ооругандар көбөйүүдө.