Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.
Махмудов Алматыда өтүп жаткан лицензиялык мелдештин жарым финалдык кармашында индиялык атаандашын 8:1 эсебинде жеңип алды. Муну менен кыргыз балбаны финалга чыгып, жолдомого татыды.
Белгилей кетсек, учурда Казакстандын Алматы шаарында спорттук күрөш боюнча лицензиялык мелдеш өтүп жатат.