Кыргызстанда бир суткада коронавирус 208 адамдан табылып, 3 киши каза болду
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 208 адамдан табылып, 3 киши каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте - 128, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 66, Ысык-Көл облусунда - 8, Нарын облусунда - 2, Баткен облусунда - 1 кишиден илдет аныкталды. 

Ал эми бир сутка ичинде 105 адам коронавирустан айыгып чыкса, 833 бейтап стационарларда дарыланууда. Соңку бир күндө өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.