Сүйүнчү! Балбан Эрназар Акматалиев Олимпиадага жолдомо жеңди
Новость

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Алматыда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча лицензиялык мелдештин финалына чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алды.

65 кг салмакта күрөш алып барган Акматалиев жарым финалда чемпионаттын фаворит балбаны Ильяс Бекбулатовду мөөнөтүнөн мурда жеңип, сенсация жаратты.

Белгилей кетсек, учурда Алматы шаарында спорттук күрөш боюнча лицензиялык мелдеш өтүп жатат.