Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов шайлоого жана референдумга добуш берди
Новость www

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга добуш берди.

Жарандык милдетин аткаруу үчүн ал Бишкек шаарындагы "Белек" маданий-оюн зоок борборунда жайгашкан №1053 шайлоо тилкесине барды. Добуш берген соң Төрага Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кызыктырган бир катар суроолорго жооп берди.