Кыргызстанда коронавирус 208 адамдан табылып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Бишкекте - 74, Ош шаарында - 6, Чүй облусунда - 47, Ысык-Көл облусунда - 16, Нарын облусунда - 7, Жалал-Абад облусунда - 1 адамдан илдет табылды. Ал эми бир сутка ичинде 112 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 838 бейтап, амбулатордук түрдө 978 адам дарыланууда. Ушул татпа 600 бейтаптын абалы орто оор, 199 адамдын абалы оор жана 25 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.
Ошондой эле, бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 303 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 231 медкызматкер айыгып чыккан. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 90 миң 227 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 925 киши айыгып чыкса, 1 миң 522 адам каза болду.