Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 6 бейтап көз жумду
Новость

Кыргызстанда бир сутка ичинде 145 кишиден оору чыгып, 103 бейтап дартты жеңди. Тилекке каршы, алты адам көз жумганын Республикалык штаб кабарлады. 

Каза болгондордун үчөө Бишкек, экөө Чүй жана бирөө Ысык-Көл облусунун тургуну болгон. Оору Бишкекте — 107, Ошто — 2, Чүй облусунда — 25, Ош облусунда — 1, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусу — 3 адамда аныкталды. Ошол эл маалда 105 бейтап оорудан айыкты. Учурда стационарда 983 бейтап дарыланууда. 

Анын ичинен 18 адамдын абалы канааттандырарлык, 619у орточо, 203ү оор жана 28и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 868 бейтап бар. Пандемиядан бери Кыргызстанда оору 90 372 адамда аныкталды. 86 028 адам ооруну жеңди, 1 528 киши көз жумду.