15-16-апрель күндөрү Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтө турган «Токиого чейин 100 күн» эл аралык илимий-практикалык конференциясына Спорттук-реабилитациялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Бактыгуль Алишева жана аталган борбордун спорттук медицина бөлүмүнүн башчысы Иса Бичанов катышат.
Конференция XXXII Олимпиада оюндарына спортчуларды даярдоо боюнча актуалдуу маселелерине арналат.
Спорттук дарыгерлер 14-апрелден 18-апрелге чейин Минск шаарына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.