Ничке-Сайдагы көпүрө айыл тургундарын кооптондурууда
Новость

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Ничке-Сай айылында кулап калуу коркунучунда турган көпүрө, айыл тургундарын кооптондурууда. 

Көпүрө араң эле турат, 10 см эле кармап турат. Суу катуу келсе эле кулап калчуудай. Ал эми бул көпүрөнүн жанына эле, мындан 5 жыл мурун жаңы көпүрө салына баштаган. Бирок азыркы күнгө чейин курулуш иштери башталбай турат. Жергиликтүү бийлик көңүл буруп койсо жакшы болот эле, - дейт автор билдирүүсүндө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.