Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны арбыды
Новость www

Акыркы 24 саатта республика боюнча 1 102 адам COVID-19га каршы эмделди. Жалпы 3 807 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин басма сөз кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар катталган жок.