Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус дагы 305 адамдан табылды. Алты бейтап көз жумду. Каза болгондордун төртөө Бишкектен, экөө Чүй облусунун тургундары болушкан.
Республикалык штабдан билдиришкендей, илдетти жуктургандардын саны боюнча Бишкек шаары менен Чүй облусу алдыда. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 10 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 139 адам дарыланууда. 675 бейтаптын абалы орто оордукта, 228 адамдын абалы оор жана 40 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 91 миң 144 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 491 киши айыгып чыкса, 1 миң 540 адам каза болду.