Өткөн сутка ичинде коронавирус 230 адамдан аныкталып, төрт бейтап көз жумду
Новость www

Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирус дагы 230 адамдан табылдып, төрт бейтап көз жумду. 

Каза болгондордун үчөө Бишкектен, бирөө Чүй облусунан. Ошол эле учурда соңку бир күндө 130 адам оорудан сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1070 бейтап, амбулатордук түрдө 1173 адам дарыланууда. 

757 бейтаптын абалы орто оордукта, 248 адамдын абалы оор жана 35 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 91 миң 374 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 621 киши айыгып чыкса, 1 миң 544 адам каза болду.