Таллинде, апрелдин аягына чейин эл көп жүргөн жолдордун биринде түнкү өтмөктү жаап салышты. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазып чыкты.
Мындай чара бакалардын жолдон аман-эсен өтүп алуусу үчүн колдонулган.
Амфибиялар жыл сайын чоң жолдун аркы өйүзүнө өтүп, кышташат. Андан кийин кайра экинчи тарабына өтүшөт. Ал жерде алардын асыл тукум көлмөлөрү бар.
Адатта, бакаларды кооптуу жерге ташууга ыктыярчылар жардам беришет. Жалпысынан мындай жол менен ыктыярчылар 97 миңден ашуун жаныбарды сактап калууга жетишкен, - деп жазылат маалыматта.
Келечекте бийлик өкүлдөрү бакалар үчүн трассанын астына туннель салууну же кыштоочу жердин жанына асыл тукум көлмөсүн казууну пландаштырып жатышат.