Бөйрөк оорусу бар адамдар эмдөөдөн милдеттүү түрдө өтүшү керек
Новость

Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк оорусу бар адамдар эмне үчүн COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керектигин билдирди. 

Ведомствонун маалыматы боюнча, узакка созулган жжогорку температура, ошондой эле көптөгөн дары-дармектерди колдонуу бөйрөктүн иштешин бир топ начарлатып, жасалма бөйрөк аппаратынын жардамында бөйрөктү алмаштыруучу терапияны баштоо зарылдыгы менен анын оор жетишсиздигине чейин алып барат.

Эреже боюнча коронавирус пневмониясы учурундагы дем алуу жетишсиздигине бөйрөк жетишсиздиги кошулуп, бул оорунун диогнозун олуттуу начарлатат. Ошондуктан бөйрөктүн өнөкөт оорусу менен жабыркаган адамга коронавирустун жугушун алдын алуу өтө маанилүү.