Коронавирустан соңку суткада 2 адам каза болуп, оору 225 кишиден жаңы табылды
Новость www

Коронавирустан соңку суткада дагы эки адам каза болуп, оору 225 кишиден жаңы табылды. Илдетке кабылгандардын жарымынан көбү Бишкек шаарында. 

Кыргызстанда 1 жылдан ашуун убакыттан бери Ковид-19 вирусу катталган учур 92 миңден ашты. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эпидемиологиялык абал жеңилдей элек экенин эскертип, элди эмделүүгө чакырууда.

"Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус дагы 225 адамдан аныкталды. Бишкекте - 117, Чүй облусунда - 82, Ош облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 11, Нарын облусунда - 4, Жалал-Абад облусунда - 5, Талас облусунда - 1 адамдан илдет табылган. Ал эми бир сутка ичинде 173 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19дан Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1236 бейтап, амбулатордук түрдө 1224 адам дарыланууда. 850 бейтаптын абалы орто оордукта, 308 адамдын абалы оор жана 49 бейтап өтө оор абалда жатат. Ошондой бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 92 миң 320 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 229 киши айыгып чыкса, 1 миң 557 адам каза болду",- деп билдирди Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев.