Кыргызстанда коронавируска каршы жалпы 10 миң 830 адам эмделди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
“Синофарм” вакцинасын медкызматкерлер, мугалимдер, 65 жаштан жогору курактагы жарандар, күч структурасынын кызматкерлери алууда. Аймактар боюнча алганда Бишкекте 914, Ош шаарында 955, Чүйдө 1 миң 28, Ош облусунда 3 миң 903, Ысык-Көлдө 790, Таласта 236, Нарында 552, Жалал-Абадда 2 миң 49, Баткенде 403 жаран эмдөөдөн өттү.
Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандар арасында терс учурлар катталган жок.