Кыргызстанда 11 миңге жакын адам коронавируска каршы эмделди. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вакцина алуунун зарылчылыгын эскертүүдө. Ар күн сайын вирус жаңы аныкталган учурлар жүздөп саналат.
Эпидемиологиялык абал жеңилдей элек. Мындан улам коопсуздук эрежелерин сактоо зарылчылыгы эскертилүүдө. Соңку суткада эле вирусту жуктуруп алган 225 учур катталса, анын жарымынан көбү Бишкек шаарында.
Учурда калкты коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү жүрүп жатат. Алгачкылардан болуп ооруну жуктуруу тобокелчилиги жогору жарандар вакцина алышууда. Бүгүнкү күнгө чейин 11 миңге жакын адам эмделди.
Март айында Кытайдан жардам катары 150 миң доза же 75 миң адамга жете турган “Синофарм” вакцинасы алып келинген. Жакынкы күндөрү Россия өндүргөн “Спутник V” вакцинасынан 30 миң доза алынат. Ал эми COVAX эл аралык программасынын алкагында “АстраЗенега” вакцинасынын 400 миңден ашуун дозасы алып келинээри кабарланган. Аталган программанын алкагында алгачкы медициналык каражаттар келди.