Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус дагы 306 адамдан аныкталып, 4 бейтап каза болду.
Республикалык штабдын маалыматына караганда, Бишкекте - 203, Ош шаарында - 5, Чүй облусунда - 52, Ош облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда - 16, Нарын облусунда - 4, Жалал-Абад облусунда - 10, Талас облусунда - 1, Баткенде - 4 адамдан илдет табылды. Ал эми бир сутка ичинде 161 адам айыгып чыккан.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 309 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 390 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер илдетке чалдыкты. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 92 миң 626 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 390 киши айыгып чыкса, 1 миң 561 адам каза болду.