Бул өлкөдө ооругандардын саны бир айдан бери көбөйүп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 15 миллиондон ашты. Делиде рекорддук өсүш катталды.
Акыркы сутка ичинде борбордо 25 миңден ашык учур аныкталды.
Карантин учурунда бир гана дарыгерлер, полиция кызматкерлери жана өрт өчүрүү кызматтары иштейт. Буга чейин бийлик массалык иш-чараларга тыюу салып, коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн санын чектеген. Индиянын борборунда 30-апрелге чейин коменданттык саат киргизилген.