Өткөн суткада коронавирустан 5 бейтап каза болуп, 380 жаңы учур катталды
Новость

Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирус дагы 380 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 246, Ош шаарында - 14, Чүй облусунда - 91, Ош облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 15, Нарын облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 5, Баткен облусунда - 2 адамдан илдет табылды. Ал эми бир сутка ичинде 164 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда 1 352 бейтап, амбулатордук түрдө 1 556 адам дарыланууда. 962 бейтаптын абалы орточо оор, 316 адамдын абалы оор жана 52 бейтап өтө оор абалда жатат. Сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.