Кыргызстанда коронавирустун "британиялык" түрү катталды
Новость

Кыргызстанда коронавирустун "британиялык" түрү катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. 

Анын айтымында, азыркы учурда коронавирус аныкталгандардын 50 пайызы "британиялык" штамм болуп саналат. Ал коронавирустун бул түрү кооптуураак экенин белгиледи. 

“Мурдагы штамм чогуу болгондордун арасында 1-2 адамга жукса, "британиялык" штамм бир оорулуудан 3-5 адамга чейин жугушу мумкүн. Бул вирус агрессивдүү. Азыр чараларды көрүп жатабыз, Россиянын вакцинасын тезирээк алып келип, эмдөө керек”, - деди министр.