Дарыгер Мамбет Мамакеев коронавируска каршы Sputnik V вакцинасы менен эмделди
Новость www

Дарыгер Мамбет Мамакеев коронавируска каршы Sputnik V вакцинасы менен эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, россиялык вакцина менен 65 жаштан жогору жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөө чечими кабыл алынды. 

“Калган категориядагы жарандар биринчи этапта кытай вакцинасын алууну улантышат”, - деп кошумчалашты ведомстводон.