Кыргызстанда акыркы бир суткада 1 миң 407 адам вакцина алса, алардын ичинен 98ине вакцинанын 2-дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында жалпы 14 миң 861 адам эмдөөдөн өттү, алардын ичинен 276 адам 2-дозаны алды.
Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Учурда анын экинчи өлчөмүн алып жатышат. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар катталган жок. Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келди.