Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 менен ооругандар үчүн Бишкекте бош орун бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
26-апрель саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 9 ооруканада 193 орун бош. Улуттук хирургия борбору — 3, Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 13, №2 клиникалык төрөт үйү — 10, Улуттук госпиталь — 20, №1 шаардык клиникалык оорукана — 15, №6 шаардык клиникалык оорукана — 8, Улуттук кардиология жана терапия борбору — 14,
Чүй облустук оорукана — 10. Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары бөлүмү — 100 орун.