Лос-Анжелесте АКШ киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгын тапшыруунун 93-салтанаты өттү. Быйылкы салтанат тез жана күтүлгөндөй эле өткөрүлдү.
Режиссер Хлоя Чжаонун "Земля кочевников" картинасы "Оскар" сыйлык тапшыруу аземинде "Жылдын мыкты тасмасы" аталды. Ошондой эле «Мыкты режиссер» номинациясында дагы «Оскар» сыйлыгын Хлоя Чжао алып, анын тасмасында башкы каармандын ролун жараткан Фрэнсис Макдорманд "Мыкты актриса" болду.
Чжао Оскар тарыхында бул сыйлыкты алган экинчи аял режиссер болуп саналат. Биринчи Оскар сыйлыгын аялдар арасында Кэтрин Бигелоу аттуу режиссер 2010-жылы «Повелитель бури» тасмасы үчүн алган.
"Отец" тасмасында башкы каармандын ролун жараткан актер Энтони Хопкинс "Эркектин мыкты ролу" үчүн "Мыкты актер" болду.
Мыкты тасма: Земля кочевников
"Оскар" жарышынын мыктысы болжолдонгондой эле сыйлыкты жеңди. Тасма буга чейин Венеция кинофестивалынын “Золотой лев”, Торонто кинофестивалынын көрүүчүлөр сыйлыгы, BAFTA, “Готэм”, “Независимый дух” жана “Золотой глобус” сыйлыктарын алган. Жалпысынан тасма буга чейин 230дан ашуун ар кандай сыйлыктарга ээ болгон.
Мыкты режиссер: Хлоя Чжао, “Земля кочевников”
Хлоя Чжаонун тарыхый жеңиши! Ал режиссёрдук сыйлыкты алган экинчи аял болуп калды. Ошондой эле ал Marvel кинотасмасында Оскарды жеңип алган биринчи (!) Кинорежиссер. Анын “Вечные” комикси экранга 4-ноябрда чыгат.
Мыкты актер: Энтони Хопкинс, “Отец”
Энтони үчүн экинчи Оскар болду. Биринчисин ал “Молчании ягнят” тасмасында маньяктын ролун аткарып алган.
Мыкты актриса: Фрэнсис МакДорманд, “Земля кочевников”
Мыкты чет элдик тасма: Еще по одной (Дания)
Мыкты анимациялык тасма: Душа
Мыкты анимациялык тасма наамына "Душа" мультфильми татыса, кыска метраждуу мультфильмдердин арасынан Майкл Говьер менен Уилл МакКормактын "Если что-то случиться, я люблю вас" деп аталган эмгеги мыкты деп таанылган.