Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус дагы 247 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду
Новость

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус дагы 247 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду. Каза болгондор Бишкек жана Чүй облусунун тургундары. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов маалымат жыйында билдирди. 

Айтымында, вирус Бишкекте - 146, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 79, Ош облусунда - 2, Талас облусунда - 2, Ысык-Көлдө - 7, Нарын облусунда - 6, Жалал-Абадда - 1, Баткен облусунда - 3 адамдан табылган. Ал эми бир сутка ичинде 203 адам коронавирустан айыгып чыкты. 

Акыркы бир күндө 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Ошондой эле, акыркы суткада коронавируска каршы 1 миң 819 адам эмделди, муну менен өлкө боюнча эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны 18 миң 474 адамга жетти.

“Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 469 бейтап, амбулатордук түрдө 1 817 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1049 бейтаптын абалы орто оордукта, 342 адамдын абалы оор жана 65 бейтап өтө оор абалда жатат. Бишкекте 862 адам, Чүйдө 382, Ошто 41 бейтап ооруканаларда жатат",- деди Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.