Түркияда коронавирусту жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу 29-апрелден 17-майга чейин өлкө толук карантинге өтөт. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган министрлер жыйынында айтты. Карантин учурунда кечки саат 7ден таңкы саат 5ге чейин бардык кеңселер, жумуш орундары жабык болот.
Шаарлар аралык транспорттор уруксаттын негизинде гана каттам жүргүзө алат. Коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдүн саны белгилүү бир өлчөмдө гана болууга тийиш.
Мындан сырткары мектептер менен бала бакчалар жабылып, Жогорку окуу жайлар аралыктан окууга өткөрүлөт. Коменданттык саат кечинде жана түнү сакталат.