Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус дагы 322 адамдан аныкталды. Үч бейтап көз жумду. Алардын экөө Бишкектен, бирөө Чүй облусунан.
Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкекте – 227, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 59, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 15, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 243 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Соңку бир күндө 5 213 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 599 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 658 киши айыгып чыкса, 1 миң 592 адам каза болду.