Учурда Баткен облусунда медицина тармагы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
Новость www

Кырдаал оор болгонуна байланыштуу "Головной" тилкесинде жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүн болбой жатканын Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Жарадарларды жоокерлер аскер техникасына салып чыгууда. Эртең менен белгилүү болгондой, 13 адам каза болду. Учурда медицина тармагы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.