Тажик тарап чет элдик журналисттерге чек ара чыры боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты
Новость

Тажикстанда кызмат адамдары тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал боюнча комментарий берүүдөн баш тартып жатат. Бул тууралуу Борбордук Азиянын ар кыл темаларын чагылдырган "Азаттыктын" улук кабарчысы Фарангис Наджибулла өзүнүн "Твиттер" баракчасына жазып чыкты.

" Тажикстандагы кызмат адамдары тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда.  Бүгүн эртең менен Чорку айылынын башчысына интервью алуу максатында кайрылган кабарчыбызды бир нече саатка камап, видеону өчүрүүнү талап кылышкан”- деп жазат Фарангис Наджибулла.