Эл өкүлдөрү Баткен облусуна гуманитардык жардам алып барышты
Новость www

Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Баткен облусунда. Алар Өкмөттүн өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүштү. 

Чек ара чыр-чатагында жабыркаган жергиликтүү калк менен бир катар жолугушуулар каралган. Эл өкүлдөрү гуманитардык жардам алып барышты. Парламенттин атынан жарандарга медициналык дары-дармектер, азык-түлүк жана эң зарыл башка товарлар берилет.