Баткендеги чек ара жаңжалынан жапа чеккен айылдардагы талкаланган үйлөр калыбына келтирилет
Новость www

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев Баткен облусунда жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүп, гуманитардык жардамдардын таратылышын көзөмөлгө алып, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалдын кесепетинен жапа чеккен айылдарды кыдырып көрүүдө. 

Маселелерди Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жеринде талкуулап жатат. Ошол эле учурда коопсуз жайга көчүрүлгөн жергиликтүү тургундардын абылынан да кабар алууда.