Кыргызстанда 3-майга карата коронавирустан 3 бейтап көз жумду
Новость www

Кыргызстанда 3-майга карата коронавирус дагы 277 адамдан аныкталып, илдеттен Бишкек шаарында 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. 

Ал эми бир сутка ичинде 202 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 498 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 307 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 48 бейтаптын абалы орто оордукта, 375 адамдын абалы оор жана 73 бейтап өтө оор абалда жатат. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 96 миң 337 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 921 киши айыгып чыкса, 1 миң 622 адам каза болду.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 451 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 373 медкызматкер айыгып чыкты”,- деп билдирди Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси 
Зуридин Нурматов.