Акыркы суткада өлкөдө 224 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Алардын 139у Бишкек шаарында. Пандемиядан бери ооругандардын саны 96 миң 561 кишиге жетти.
Сутка ичинде дагы сегиз адам каза таап, жалпы вирустун курмандыктары 1 миң 630 адам болду. Азыркы тапта калкты массалык эмдөө өнөктүгү жүрүп жатат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жалпы 3 млн-дой жаранды эмдөөдөн өткөрүүнү пландоодо. Учурда жалпы вакцина алган жарандардын саны 34 миңге жакындады.
Өлкө боюнча бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда эмдөө өнөктүгү жүрүүдө. Жакында бардык муниципалдык мекемелерде, мектеп, тамактануучу жерлер, спорт комплекстеринде калкты эмдөө иштери күчөтүлөт.