Мехикодогу метро линиясындагы кырсыктан көз жумгандардын саны 20га жетти, анын ичинде бир нече жашы жете элек балдар бар. Бул тууралуу Мехико шаарынын мэри Клаудия Шейнбаум билдирди. Анын айтымында, дагы жети адамдын абалы оор.
Көпүрө кулаганда, такси урандылардын астында калган. Кийинчерээк айдоочуну тирүү экени айтылган.
Метро структурасынын жана вагондордун кулаганы камерага түшүп калган.