Россияда 6 жаштагы бала унаага отуруп апасын сүзүп алды. Кырсыктан эне көз жумду
Новость

Россиянын Курск облусунда алты жаштагы бала унаага отуруп, апасын сүзүп алды. Бул тууралуу Россиядагы ММКлар жазып чыкты.

Окуя 2-май, жекшемби күнү саат 13:00 чамасында көрүстөндө болгон.

Баланын энеси 28 жаштагы аял өзүнүн ВАЗ-21074 автоунаасында от алдыргычтагы ачкычты калтырып, чыгып кеткен. Чоңдордон эч ким жакын жерде болбогондуктан, бала рулга отуруп, унааны от алдырып газ педалын баскан.

Унаа ылдамдык менен дароо артка жүрүп баланын энесин сүзгөн. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, аял өзүнүн жана артта турган унаанын ортосунда кысылып калган.

Жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилген. Бирок эненин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.