Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү иретинде документ даярдады
Новость www

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү иретинде документ даярдады. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. 

«Тийиштүү чечимге кол коюлуп, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Документ кабыл алынган соң, Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болуп, салык жеңилдиктери каралат», - деди премьер-министр. 

Ошондой эле турак жайлар талкаланган, өрттөнгөн тургундардын баарына жаңы үйлөр курулаарын билдирди. Алсак Баткен районунда - 30, Лейлек районунда 70 турак жай кыйроого учураган. Учурда комиссия эсептөөлөрдү жүргүзүүдө. Жыйынтыгы менен курулуш иштери башталат. Суук түшкөнчө курулуш иштерин аякташыбыз керек, - деди Марипов.