5-майга карата Баткен облусунда 4 адамдан коронавирус аныкталды. Аймакта жугуштуу илдеттин май айынан баштап саны өсө баштаганы байкалды.
Бул абалга Баткен облусунун аймагындагы болуп өткөн каргашалуу окуя таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени Республиканын ар аймагынан келген жарандардын көбөйүүсү, ошол эле учурда коопсуз жайга көчүрүлгөн адамдардын бир жерге топтолуусу да эпидемиологиялык кырдаалга таасир этет дешет өмүр сакчылары. Санитардык талаптар туура сакталбаса, инфекциянын бул аймакта көбөйүп кетүү коркунучу бар экендигин эскертишет. Баткен облусу боюнча жалпы 7242 адам коронавирус менен ооруган.