Кыргызстанда коронавирус дагы 397 адамдан аныкталды, 7 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда 5-майга карата коронавирус дагы 397 адамдан аныкталды. Жети бейтап көз жумду. 

Алардын үчөө Бишкектен, бирөө Ош шаарынан, дагы үчөө Ысык-Көл облусунан. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте - 210, Ош шаарында - 5, Чүй облусунда - 130, Ош облусунда - 9, Ысык-Көл облусунда - 19, Нарын облусунда - 11, Жалал-Абад облусунда - 9, Баткен облусунда - 4 адамдан илдет табылган. Ал эми бир сутка ичинде 248 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 563 бейтап, амбулатордук түрдө 2 378 адам дарыланууда.