Кытайдын "Sinovac" вакцинасын текшерүүдөн өтөт
Новость www

Европалык дары-дармектер агенттиги Кытайдын "Sinovac" вакцинасын текшерүүнү баштады, бул Евробиримдиктин жактыруусуна жетүү үчүн биринчи кадам. Агенттиктин айтымында, мындай чечим вакцинанын алгачкы жыйынтыктарынын негизинде кабыл алынган. 

Ар кандай изилдөөчүлөр вакцинанын натыйжалуулугун 50% дан 82% га чейин баалашат. Түндүк Македония жана Черногорияда Кытайдын дагы бир вакцинасы Sinopharm менен COVID-19га каршы массалык эмдөө башталды. Сербияны кошпогондо, Балкан өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө вакцина жетишсиз. Европа Бирлиги коронавирус вакциналарын Балкан өлкөлөрүнө жөнөтө баштады. 

Болжолдуу 10 миң доза Pfizer вакцинасы Босния жана Герцеговинага жөнөтүлүп, Сараево эл аралык аэропортуна конду. Жакынкы айларда өлкө жалпысынан 214 миң доза алат. Европа комиссиясы өткөн айда май айынан августка чейин Сербия, Босния, Түндүк Македония, Черногория, Албания жана Косового жума сайын 651 миң өлчөмдөн ашык BioNTech вакцинасы жеткириле тургандыгын жарыялаган. Бул долбоор Еврокомиссиянын декабрь айында кабыл алган 70 миллион евролук пакетинен каржыланат.