Ташкентте 35 жогорку окуу жай эки жумалык карантинге жабылды
Новость www

Ташкентте коронавирус пандемиясына байланыштуу 35 жогорку окуу жай эки жумалык карантинге жабылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү билдирди. 

Анын айтымында, мындан тышкары 15 атайын билим берүү мекемеси, 132 мектеп, 22 бала бакча, үч дарылоо-профилактикалык мекеме жана эки кызмат көрсөтүү объектиси да 14 күнгө жабылды. 

Ошондой эле Ташкентте күн сайын COVID-19ду аныктоо боюнча 8 миңге чейин лабораториялык тест өткөрүлүп, алардын 2,5-3,5% тастыкталып жатат. Буга чейин Ташкент облусундагы жана Самарканд шаарындагы мектептер менен бала бакчалар карантинге жабылганы кабарланган.