Ушул дем алыш күндөрү Исландиянын Рейкьянес жарым аралында 19-мартта башталган жанар тоонун атылышы, узак мөөнөттүү туруктуулуктан кийин күчөдү.
Жанар тоо буга чейин толугу менен тынчып калгандай сезилген, бирок андан кийин дагы 300 метр бийиктикке лава менен күл ыргыды. Ал Рейкьявиктен даана көрүнүп турду. Жанар тоо Исландиянын борборунан 50 чакырым алыс жана башкы улуттук аэропорт "Кефлавиктен" 32 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ошондой эле окумуштуулардын айтымында, жанар тоонун атылышы дагы бир нече айга созулушу мүмкүн.