Мароккодо 9 наристе бир убакта жарыкка келди
Новость www

Марокконун Касабланка шаарында малилик аял 5 кыз жана 4 эркек перзентин бир учурда жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты. 

Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Малинин жараны Халиме Сиси Касабланкадагы саламаттыкты сактоо мекемесинде төрөгөн. Эненин жана 9 баланын ден соолугу жакшы экендиги айтылды. Халиме Сисинин Малинин борбору Бамакодо дагы 7 баласы бар. Жаш эненин төрөт менен байланышкан чыгымдарын өлкөнүн убактылуу өкмөтү көтөрүп жаткандыгы белгиленди.