Кыргызстанга майдын ортосунда россиянын "Спутник V" вакцинасынын 60 миң дозасы келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын маалыматына караганда, вакцина сатып алуу үчүн республикалык бюджетен каражат бөлүнгөн. Россия вакцинанын 5 миң дозасын жардам катары берет, ал эми калганын Кыргызстан сатып алат. Бардыгы жетишилген келишимдердин алкагында жүргүзүлүүдө.