Жо Байден COVID-19га каршы вакцинаны патенттөөдөн баш тартуу демилгесин колдоду
Новость

АКШнын президенти Жо Байден COVID-19га каршы вакциналарды патенттөөдөн баш тартуу боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун сунушун колдоду.

АКШнын соода өкүлү Кэтрин Тайдын билдиришинче, саламаттык сактоо системасындагы дүйнөлүк каатчылыктан жана коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө жагдайдан улам адаттан тыш чараларды кабыл алуу талап кылынууда.

Анын айтымында, Байдендин командасы интеллектуалдык менчикти коргоонун зарылдыгына ишенет, бирок пандемия менен күрөшүү үчүн COVID-19га тиешелүү вакциналарды патенттөөдөн баш тартууну колдойт.

Коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды патенттөөдөн баш тартуу идеясын биринчилерден болуп өткөн жылы октябрда эле Түштүк Африка Республикасы менен Индия билдирген. Алар интеллектуалдык менчик укугу вакцина менен тегиз камсыз болууга жолтоо болорун белгилешкен. Бул демилгени өнүгүп келе жаткан көптөгөн өлкөлөр колдошкон, бирок фармацевтикалык компаниялар каршы чыгууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус АКШ президентинин ниетин кубаттап, муну пандемия менен күрөшүүдөгү тарыхый учур деп атады.