Өлкөдө акыркы суткада коронавирустун 385 жаңы учуру катталып, 3 адам каза болду
Новость www

Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 385 жаңы учуру катталып, 3 адам каза болду. Бишкек шаарынан, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан бирден бейтап көз жумган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 226, Чүй облусунда – 108, Ош шаарында – 12, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 15, Нарын облусунда – 16, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган. Ал эми бир сутка ичинде 348 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1600 бейтап, амбулатордук түрдө 2465 адам дарыланууда. 1106 бейтаптын абалы орто оор, 415 адамдын абалы оор жана 75 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды. 

Ошондой эле, 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 97 миң 663 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 90 миң 959 киши айыгып чыкса, 1 миң 643 адам каза болду.