Кыргызстанда бир күндө төрт жарым миң жаран эмдөөдөн өттү
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир күндүн ичинде коронавируска каршы 4 миң 443 жаран эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 1 миң 685и экинчи доза алгандар. Республика боюнча 41 миң 854 адам эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 5 миң 317 адам экинчи дозасын алган. 

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Республикалык иммунопрофилактика борборуна Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Ал эми Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.