Кытайда катуу шамалдын айынан айнек көпүрө сынып кетти
Новость

Кытайдын Лунцзин шаарындагы айнек асма көпүрө катуу шамалдан улам сынып кетти. Бул тууралуу 9-май, жекшемби күнү Daily Mail жарыялады.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Пиян тоосунда жайгашкан 100 метр бийиктиктеги айнек көпүрө сынган учурда үстүндө туристтер болгон. Алардын арасынан бирөө качканга жетишпей көпүрөдө калып калган. Жыйынтыгsнда көпүрөнүн темирин кармап, куткаруучулар келгенче бир сааттай олтурган. Турист физикалык жактан жабыркаган эмес, бирок ага психологдун жардамы керек экени айтылды.Учурда Пиян тоо курорту толугу менен жабылды. Лунцзин шаарынын бийлиги бардык туристтик жайларда коопсуздукту ар тараптуу текшерүүнү демилгелени айтылат маалыматта.