8-май күнү Болгарияда өткөн күрөш боюнча Дүйнөлүк квалификациялык турнирдин алкагында Японияда өтүүчү Олимпиада оюндарына акыркы эки жолдомо тапшырылды. Молдова менен Армениянын балбандары аталган жолдомону жеңип алышты.
Токиодо грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмакта 16 спортчу күч сынашат. Алдын ала беттештер жана жарым финалдык беттештер 1-августта өтсө, финалдык жана коло үчүн күрөштөр 2-августта өтөт.
Бул салмак категориясы боюнча чүчү кулак 30-июлда болот.