Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарынын алдында жайгашкан аялдаманын алдын качан көрбө башаламан. Себеби таксисттер аялдаманын алдын тороп туруп алышат. Коомдук транспорттун айдоочулары токтогонго жер таппай, жолдун ортосуна токтотконго туура келет. Элге бир топ эле ыңгайсыздык жаратууда. Мэрия ушул маселеге чара көрүп, ирээтке келтирсе, - дейт билдирүү жөнөткөн шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.